Өзгөндүн Кароол айылында селге каршы лоток орнотулууда

4257378.a03c4f56925ea8c58e447d30fc8fea78

Өзгөн районуна караштуу Кароол айылында селдин алдын алуу жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында селге каршы лоток орнотуу иштери жүрүп жатат. Аталган иштер жаан-чачын көп болгон мезгилде сел сууларынын туура багытта агып өтүүсүн камсыз кылууга, жолдорду жана турак жайларды суу каптоо коркунучун азайтууга багытталган. Кароол айыл өкмөтү тарабынан аймактагы кооптуу тилкелерди аныктоо жана табигый […]

Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында 3 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө

4250523.ee2164377188eef674bb380449c99599

Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында 3 чакырымдык жол тилкесине асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Аталган иштер айыл аймагындагы жол инфраструктурасын жакшыртуу, жергиликтүү тургундардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле калктуу конуштардын ортосундагы транспорттук байланышты жакшыртуу максатында аткарылууда. Жолдун асфальтталышы жергиликтүү калк үчүн чоң мааниге ээ. Айрыкча жаан-чачындуу мезгилде жана кышкы шарттарда тургундардын каттамын жеңилдетип, […]

Аманкан Кенжебаев Кароол айыл аймагынын тургундары менен жолугушту

719650817 122213810858368081 2341139072606523278 n

Бүгүн, 9-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар айыл аймагындагы бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүштү. Негизинен инфраструктура, социалдык объектилер, жер пайдалануу жана мыйзамдуулукка байланыштуу суроолор айтылды. Тургундар тарабынан Шералы айылындагы жол, подстанция жана мектеп маселеси, төрт айылдагы […]

Кароол айыл аймагында “Энелер күнү” белгиленди

706971223 122260207982247111 527602696131021802 n

Кароол айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги №93 Жарлыгынын алкагында “Энелер күнү” майрамы белгиленди. Майрамдык иш-чаранын алкагында энелерге сый тамак уюштурулуп, келген конокторго концерттик программа тартууланды. Ошондой эле айрым энелерден жеринде кабар алынып, аларга жылуу каалоо-тилектер айтылды. Иш-чарага Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Качыбеков Ысакбек Зулпукарович, Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Алайчиев Руслан Болбурович […]

Кароол айыл аймагында кыз-келиндер арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

689014341 122258102492247111 8935047197866878110 n

Кароол айыл аймагында кыз-келиндер арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Аталган мелдештин негизги максаты — сергек жашоо образын жайылтуу, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана айыл аймагындагы ынтымакты бекемдөө болду. Мелдешке айыл аймагындагы кыз-келиндерден түзүлгөн командалар активдүү катышып, кызыктуу жана атаандаштыкка бай оюндарды көрсөтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар спорттук чеберчилигин көрсөтүп, күйөрмандарга жакшы маанай тартуулашты. […]

Кароол айыл өкмөтүндө республикалык ишембилик өткөрүлдү

444

2026-жылдын 18-апрель күнү Кароол айыл өкмөтүндө республикалык ишембилик ийгиликтүү өткөрүлдү. Ишембиликке айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, Кароол муниципалдык ишканасынын адистери жана жергиликтүү тургундар активдүү катышышты. Иш-чаранын алкагында айыл аймагындагы кооптуу аймактарда, атап айтканда көчкү түшүү коркунучу бар жерлерде, FAO долбоорунун алкагында айланасы тосулуп, мисте көчөттөрү отургузулду. Аталган иштер аймактын экологиялык абалын жакшыртууга, жашылдандыруу иштерин күчөтүүгө жана […]