Аманкан Кенжебаев Кароол айыл аймагынын тургундары менен жолугушту

719650817 122213810858368081 2341139072606523278 n

Бүгүн, 9-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар айыл аймагындагы бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүштү. Негизинен инфраструктура, социалдык объектилер, жер пайдалануу жана мыйзамдуулукка байланыштуу суроолор айтылды.

Тургундар тарабынан Шералы айылындагы жол, подстанция жана мектеп маселеси, төрт айылдагы эски суу түтүктөрүн жаңылоо, Кароол айылындагы сел коркунучун алдын алуу үчүн дамба куруу, Мырза-Арык айылындагы жол чырактарын орнотуу жана ички жолдорду жакшыртуу боюнча сунуштар берилди.

Ошондой эле социалдык багытта Куршаб ЖПДБ жана Шералы айылындагы ФАП үчүн жаңы имарат куруу, Мырза-Арыкта бала бакча жетишсиздиги, көп балалуу үй-бүлөлөргө жөлөкпул берүү жана мунапыс боюнча турак жай маселелери көтөрүлдү.

Мындан тышкары, Орто-Арык айылындагы үлүштүк жерлер, мамлекеттик жерлерди мыйзамсыз пайдалануу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №310 токтомуна өзгөртүү киргизүү жана жолду мыйзамсыз ээлеп алуу маселелери да айтылды.

Өз кезегинде Аманкан Кенжебаев көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилип, ар бир маселе мыйзам чегинде караларын белгиледи. Ошондой эле Шералы айылындагы ФАПтын тиешелүү документтери толук бүткөрүлгөн учурда, Өнүктүрүү фондунан 2 млн сом каражат бөлүү мүмкүнчүлүгү караларын билдирди.