Кароол айыл аймагында кыз-келиндер арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү.
Аталган мелдештин негизги максаты — сергек жашоо образын жайылтуу, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана айыл аймагындагы ынтымакты бекемдөө болду.
Мелдешке айыл аймагындагы кыз-келиндерден түзүлгөн командалар активдүү катышып, кызыктуу жана атаандаштыкка бай оюндарды көрсөтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар спорттук чеберчилигин көрсөтүп, күйөрмандарга жакшы маанай тартуулашты.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана активдүү катышуучулар Кароол айыл өкмөтү тарабынан акчалай байгелер менен сыйланышты.
Мындай спорттук иш-чаралар айыл тургундарынын ынтымагын бекемдөөгө, жаштарды жана кыз-келиндерди спортко үндөөгө чоң өбөлгө түзөт.


