Кароол айыл аймагында жаңы өндүрүш ишканасы ишке берилди

WhatsApp Image 2026 09 13 at 21.5

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта өткөрүлгөн ачылыш аземдеринин алкагында Кароол айыл аймагында «Муслим Таш» ЖЧКсынын сары ташты кайра иштетүүчү ишканасынын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Орозбаев Мирлан Кубатбекович, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Апбасов Каныбек Сагынбекович, Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Алайчиев Руслан Болбурович, Кароол айылдык кеңешинин төрагасы Камбардинов Акынбек Махмуджанович жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңы ишкананын ишке кириши жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана айыл аймагынын экономикалык потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Кароол айыл аймагында жаңы өндүрүштөрдүн көбөйүшү — аймактын өнүгүүсүнө кошулган маанилүү салым!