Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы №226 “Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштетүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча конкурс жарыялайт.
Конкурс төмөнкү кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында өткөрүлөт:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары — акимдер жана алардын орун басарлары;
- республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарлары;
- облустук маанидеги шаарлардын мэрлери жана алардын орун басарлары;
- райондук маанидеги шаарлардын мэрлери жана алардын орун басарлары;
- айыл өкмөт башчылары.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2025-жылдын 4-ноябрынан 6-ноябрына чейин, жумуш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин.
Документтер электрондук форматта кабыл алынат.
Конкурсту өткөрүү этаптары
Конкурс үч этапта өткөрүлөт:
Биринчи этап — талапкерлердин документтерин квалификациялык талаптарга ылайыктыгын текшерүү: эмгек стажы, билими жана иш багыты.
Экинчи этап — компьютердик тестирлөө.
Үчүнчү этап — конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен маектешүү.
Квалификациялык талаптар
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы — аким кызматы үчүн:
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында 7 жылдан кем эмес эмгек стажы, анын ичинен 5 жылдан кем эмес жетекчилик кызматтарда иш тажрыйбасы;
же
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес эмгек стажы;
же
- мамлекеттик же муниципалдык кызматка байланышпаган тармактарда 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары кызматы үчүн:
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес эмгек стажы, анын ичинен 3 жылдан кем эмес жетекчилик кызматтарда иш тажрыйбасы;
же
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес эмгек стажы;
же
- башка тармактарда 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы.
Республикалык маанидеги шаардын мэринин орун басары кызматы үчүн:
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 5 жылдан кем эмес эмгек стажы;
же
- тиешелүү кесиптик тармакта 7 жылдан кем эмес иш стажы.
Облустук маанидеги шаардын мэри кызматы үчүн:
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында 7 жылдан кем эмес эмгек стажы, анын ичинен 5 жылдан кем эмес жетекчилик кызматтарда иш тажрыйбасы;
же
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес эмгек стажы;
же
- башка тармактарда 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы.
Облустук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызматы үчүн:
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес эмгек стажы;
же
- тиешелүү кесиптик тармакта 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Райондук маанидеги шаардын мэри кызматы үчүн:
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес эмгек стажы, анын ичинен 3 жылдан кем эмес жетекчилик кызматтарда иш тажрыйбасы;
же
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес эмгек стажы;
же
- башка тармактарда 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы.
Райондук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызматы үчүн:
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес эмгек стажы;
же
- тиешелүү кесиптик тармакта 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Айыл өкмөт башчысы кызматы үчүн:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес эмгек стажы, анын ичинде 3 жылдан кем эмес жетекчилик кызматтарда иш тажрыйбасы;
же
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес эмгек стажы;
же
- башка тармактарда 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы.
Конкурска катышуу тартиби
Конкурска катышууну каалаган жарандар тиешелүү мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз беришет.
Конкурстун катышуучусу электрондук форматта жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга оферта келишиминде макулдук берет.
Зарыл документтер
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук түрдө тапшырылат:
- жогорку билими тууралуу документ;
- эмгек китепчеси;
- илимий даража жана илимий наам ыйгарылгандыгы тууралуу документтер, эгер бар болсо;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендиги тууралуу сертификат;
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка кирүүдө коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алуу боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенме.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2025-жылдын 4-ноябрынан 6-ноябрына чейин, жумуш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин.
Кошумча маалымат үчүн:
Тел.: (0312) 62-04-12, (0312) 66-01-49.