Айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу, жарандарга көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана кызматкерлер үчүн заманбап шарттарды түзүү максатында айыл өкмөтүнүн жаңы административдик имараты курулууда.
Бул долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы суммасы 46 812,2 миң сомду түзөт. Жаңы имаратта жарандарды кабыл алуу, кайрылуулар менен иштөө, документтерди тейлөө жана айыл өкмөтүнүн күнүмдүк ишин жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттар каралат.
Долбоор ишке ашкандан кийин айыл аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жогорулап, калк менен иш алып баруу бир кыйла жеңилдейт. Ошондой эле жаңы имарат айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана заманбап башкаруу шарттарын түзүүгө багытталган маанилүү объект болуп саналат.



