Кароол айыл өкмөтүндө коррупцияга каршы иш алып баруу, анын алдын алуу жана коррупциялык көрүнүштөр үчүн каралган жоопкерчиликтер боюнча аппараттык жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине коррупциянын алдын алуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта мыйзамдуулукту сактоо, кызматтык милдеттерди ак ниет жана жоопкерчиликтүү аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле коррупцияга каршы иш-чараларды күчөтүү, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жарандардын кайрылуулары менен иштөөдө мыйзам талаптарын так сактоо маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, коррупцияга каршы иш алып баруу боюнча иш пландар каралып, аларды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча сунуштар айтылды.
Кароол айыл өкмөтү мындан ары да коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу, мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү багытындагы иштерди улантат.

