Жетекчилик

глава

Алайчиев Руслан Болбурович

Айыл өкмөт башчы

Билими:

Алайчиев Руслан Болбурович жогорку билимдүү. 1995–1999-жылдары Ош мамлекеттик университетинде билим алып, “Зооинженер” адистигине ээ болгон.

Ошондой эле 2018–2023-жылдары Ош мамлекеттик университетинде “Бизнес жана менеджмент” багыты боюнча билим алган.

Эмгек тажрыйбасы:

Эмгек жолун 2000–2003-жылдары Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө жетектөөчү адис болуп баштаган. 2003–2008-жылдары жеке ишкердик менен алектенген.

2009–2011-жылдары Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис, 2011–2015-жылдары башкы адис, 2015–2019-жылдары сектор башчысы кызматтарын аркалаган.

2019–2021-жылдары “Куршаб базарынын” директору болуп иштеген. 2022-жылдын февраль айында Өзгөн шаардык мэриясында аппарат жетекчиси кызматын ээлеген.

2022-жылдын июль айынан 2024-жылдын март айына чейин Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясында аппарат жетекчиси болуп эмгектенген.

2024-жылдын 12-мартынан тартып Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап келет.

IMG

Торобаев Женишбек Сатывалдыевич

Айыл өкмөт башчынын орун басары

Билими:
Торобаев Женишбек Сатывалдыевич жогорку билимдүү.
2005–2011-жылдары Бишкек мамлекеттик университетинде билим алып, «Экономист» адистигине ээ болгон.

Эмгек тажрыйбасы:

1997–1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясында мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөн. 2000–2002-жылдары КР ОБСН №24634 аскер бөлүгүндө мөөнөттөн ашык аскердик кызмат өтөгөн.

2003–2007-жылдары «МАБ-УЛА» ЖЧКсында коопсуздук кызматынын башчысы болуп иштеген. 2007–2009-жылдары «НУР-ЧОРО» күзөт агенттигинде объект башчысы кызматын аркалаган.

2009–2012-жылдары «АСИ» ЖЧКсында башчы болуп иштеген.
2019–2023-жылдары Кароол айыл өкмөтүндө айыл башчы кызматын аркалаган.

2023–2024-жылдары Кароол айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.
2024-жылдан тартып Кароол айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары — жооптуу катчы кызматын аркалап келет.

IMG

Маматжунус кызы Алмаш

Жоопту катчы

Билими:

Маматжунус кызы Алмаш атайын орто жана жогорку билимдүү.
2009–2012-жылдары М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Академик Б. Мурзаибраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда билим алып, «Техник» адистигине ээ болгон.

2020–2024-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде билим алып, «Информатика» адистиги боюнча жогорку билим алган.

Эмгек тажрыйбасы:

2018-жылдын 13-декабрынан 2024-жылдын 29-мартына чейин Кароол айыл өкмөтүндө компьютердик технологиялар боюнча адис болуп эмгектенген.

2024-жылдын 29-мартынан тартып Кароол айыл өкмөтүндө санариптештирүү жана IT технологиялар боюнча жетектөөчү адис кызматын аркалап келет.

Учурда аталган кызмат менен катар жооптуу катчынын милдетин кошо аткарат.