Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында 3 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө

4250523.ee2164377188eef674bb380449c99599

Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында 3 чакырымдык жол тилкесине асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган иштер айыл аймагындагы жол инфраструктурасын жакшыртуу, жергиликтүү тургундардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле калктуу конуштардын ортосундагы транспорттук байланышты жакшыртуу максатында аткарылууда.

Жолдун асфальтталышы жергиликтүү калк үчүн чоң мааниге ээ. Айрыкча жаан-чачындуу мезгилде жана кышкы шарттарда тургундардын каттамын жеңилдетип, айыл ичиндеги кыймылды ыңгайлуу кылууга өбөлгө түзөт.

Кароол айыл өкмөтү айыл аймагынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана калкка ыңгайлуу шарт түзүү багытындагы иштерди улантууда.