Өзгөн районуна караштуу Кароол айылында селдин алдын алуу жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында селге каршы лоток орнотуу иштери жүрүп жатат.
Аталган иштер жаан-чачын көп болгон мезгилде сел сууларынын туура багытта агып өтүүсүн камсыз кылууга, жолдорду жана турак жайларды суу каптоо коркунучун азайтууга багытталган.
Кароол айыл өкмөтү тарабынан аймактагы кооптуу тилкелерди аныктоо жана табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча тиешелүү иштер улантылууда.
Селге каршы лотоктун орнотулушу айылдын инфраструктурасын жакшыртууга жана калктын жашоо-шартын коопсуз кылууга өбөлгө түзөт.
