Айыл аймагындагы ички жолдорду асфальттоо иштери

666777

Кароол айыл аймагында калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, айыл ичиндеги транспорттук каттамдарды жакшыртуу жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатында ички жолдорду асфальттоо иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоордун алкагында Мырза-Арык айылында республикалык бюджеттин эсебинен бир катар көчөлөр асфальтталат. Атап айтканда, К. Мамашев көчөсүнө 500 метр, К. Жантошов көчөсүнө 1,8 км, ошондой эле А. Катанов көчөсүнө 500 метр жолго асфальт төшөө пландалган. Жалпысынан Мырза-Арык айылында 2,8 км ички жол асфальтталат.

Мындан тышкары, Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Шералы айылында К. Боромбаев жана С. Раимжанов көчөлөрүн асфальттоо иштери стимулдук гранттын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда. Бул объекттин сметалык баасы 8 816,7 миң сомду түзөт. Анын ичинен 5 000,0 миң сом стимулдук гранттан, ал эми 3 816,7 миң сом жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

Ички жолдордун асфальтталышы айыл тургундарынын күнүмдүк жүрүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп, коомдук транспорттун, атайын кызматтардын жана айыл чарба техникасынын каттамын жеңилдетет. Ошондой эле жолдордун сапаты жакшырып, айылдардын жалпы инфраструктуралык көрүнүшү да бир топ жаңыланат.