Мырза-Арык айылында 75 орундуу бала бакча курулууда

WhatsApp Image 2026 06 17 at 20.06.09 (1)

Мырза-Арык айылында республикалык бюджеттин эсебинен 75 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Долбоор айылдагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине болгон муктаждыкты азайтуу жана балдар үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ишке ашырылууда.

Жаңы бала бакча пайдаланууга берилгенден кийин айыл тургундарынын балдарын мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү кеңейет. Ошондой эле ата-энелер үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп, балдардын тарбия алуусуна жана ар тараптуу өнүгүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүк пайда болот.

Бул объект Мырза-Арык айылы үчүн маанилүү социалдык долбоор болуп саналат жана айыл аймагындагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.