Урматтуу Кароол айыл аймагынын тургундары!
2026-жылдын 2-октябрь күнү саат 10:00дө Өзгөн шаарында Өзгөн райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы “CHEBER” швейцариялык долбоору менен биргеликте “Бош жумуш орундар жана кесиптер” аттуу жарманке өткөрөт.
Иш-чаранын алкагында жумуш издөөчүлөр менен иш берүүчүлөрдүн жолугушуусу уюштурулуп, катышуучулар бош жумуш орундар, кесиптер жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат ала алышат.
Ошондой эле жарманкенин жүрүшүндө катышуучулар үчүн кесиптик мастер-класстар көрсөтүлүп, практикалык тажрыйба менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Жумуш издеген жарандарды, кесип тандоону каалаган жаштарды жана иш берүүчүлөрдү аталган жарманкеге активдүү катышууга чакырабыз.
Өтүүчү күнү: 2-октябрь, 2025-жыл
Убактысы: саат 10:00
Өтүүчү жери: Өзгөн шаары