Кароол айыл өкмөтүндө республикалык ишембилик өткөрүлдү

444

2026-жылдын 18-апрель күнү Кароол айыл өкмөтүндө республикалык ишембилик ийгиликтүү өткөрүлдү.

Ишембиликке айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, Кароол муниципалдык ишканасынын адистери жана жергиликтүү тургундар активдүү катышышты.

Иш-чаранын алкагында айыл аймагындагы кооптуу аймактарда, атап айтканда көчкү түшүү коркунучу бар жерлерде, FAO долбоорунун алкагында айланасы тосулуп, мисте көчөттөрү отургузулду.

Аталган иштер аймактын экологиялык абалын жакшыртууга, жашылдандыруу иштерин күчөтүүгө жана табигый кырсыктардын алдын алууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Кароол айыл өкмөтү ишембиликке активдүү катышкан бардык кызматкерлерге жана жергиликтүү тургундарга ыраазычылык билдирет.