Кароол айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги №93 Жарлыгынын алкагында “Энелер күнү” майрамы белгиленди.
Майрамдык иш-чаранын алкагында энелерге сый тамак уюштурулуп, келген конокторго концерттик программа тартууланды. Ошондой эле айрым энелерден жеринде кабар алынып, аларга жылуу каалоо-тилектер айтылды.
Иш-чарага Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Качыбеков Ысакбек Зулпукарович, Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Алайчиев Руслан Болбурович жана Кароол айылдык кеңешинин төрагасы Камбардинов Акынбек Махмуджанович катышып, энелерди майрамы менен куттукташты.
Майрамдын жүрүшүндө энелердин үй-бүлөдөгү, коомдогу орду өзгөчө белгиленип, алардын мээрими, эмгеги жана тарбиядагы ролу тууралуу жылуу сөздөр айтылды. Концерттик программа майрамдык маанай тартуулап, катышуучуларга жагымдуу таасир калтырды.




